Ошто кош бойлуу аял мончого барган эркектин унаасын айдай качты

Жазылуу
Жалгыз бой келин мончодо унаанын ээси менен уруша кеткендиктен ушундай кадамга барганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунун аймагында кош бойлуу аял унаа уурдоого шектелип кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. 

Анын айтымына караганда 24 жаштагы кош бойлуу келин ага материалдык жактан жардам берип жүргөн эркектин унаасын айдап кеткен. 

"20-октябрь күнү эки аял бир эркек менен мончого барышкан. Андан чыккандан кийин кош бойлуу келин унааны айдап кеткен", — деди Ашырбаев.

Жалгыз бой келин мончодо унаанын ээси менен уруша кеткендиктен ушундай кадамга барганын айткан. 

"Келин кош бойлуу болгондуктан аны убактылуу кармоочу жайга киргизбөө чечими чыгарылды", — деп ырастады Ашырбаев. 

Ал белгилегендей шектүү келин Ош облустук оорукананын аймагында унааны айдап жүргөн жеринен колго түшкөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0