Ош: кыз талашкан мектеп окуучулары бычакташып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивидк сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда кылмышка шектүү өспүрүм менен жабыр тарткан бала кыз талаша кеткен. Жабырлануучу Ош шаарындагы колледждердин биринде окуйт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Киров мектебинин жанында аталган окуу жайдын жана Бөкөнбаев мектебинин жогорку классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен мушташып, биринин бутуна бычак сайылган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда кылмышка шектүү өспүрүм менен жабыр тарткан бала кыз талаша кеткен. Жабырлануучу Ош шаарындагы колледждердин биринде окуйт. 

"Киров мектебинин окуучуларынын бири миздүү курал колдонуп, 1999-жылы туулган баланын сол бутуна эки ирет бычак сайып жиберген. Натыйжада ал алган жараатынан Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Жогорудагы көрсөтүлгөн жагдайдан улам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш ишин козгоду", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга ылайык, бул чырга тиешеси бар өспүрүмдөрдүн баарынын ким экени аныкталып, көрсөтмө берүү үчүн Ош ШИИБге алып келинүүдө. 

Милиция тараткан билдирүүдө окуя болгон жерде 15-20 чакты бала болгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0