Дагы бир суук кабар. Россияда иштеп жүргөн мигрант аялды "патриоттор" өлтүрдүбү?

© AFP / DESHAKALYAN CHOWDHURY Басып бараткан кишилердин өтүгү. Архивдик сүрөт
Басып бараткан кишилердин өтүгү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда "Өзөк өрттөгөн кечки кат" деген аталышта билдирүү таркады. Анда М.Т. аттуу кыргыз аялды өздөрүн "патриот" деп атаган кыргыз балдар өлтүрүп койду деп айтылат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Москва облусундагы Люберцы шаарында М.Т. аттуу кыргыз аял каза болгону социалдык тармакка жайылып аны ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү тастыктады.

Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар өлүмү: жумушсуздукту жоюу боюнча депутаттардын убадасы
Маркумдун таанышы Гүланда Эсеналиева курбусунун өлүмүнө "патриоттор" айыптуу экенин божомолдоп жатканын айтса, ИИМдин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев маркумдун киши колдуу болгонун төгүндөдү.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Өзөк өрттөгөн кечки кат" деген аталышта билдирүү тарап, анда 32 жаштагы мигрант кыргыз аялды өздөрүн "патриот" деп атаган кыргыз балдар өлтүрдү деген маалымат айтылган. 

Эсеналиеванын айтымында, маркумдун артында эки кызы калган, анын бирөө беш, экинчиси 7-8 жашта. Ата-энеси улгайган адамдар, андан сырткары дагы бир майып иниси бар. Маркум аларды багуу үчүн Россияга иштегени келгендигин кошумчалады. 

Гүланда Эсеналиеванын М.Т. муунтулуп өлтүрүлгөнүн 4-октябрда укканын билдирди.

"Суук кабарды 4-октябрда уктук. Анын муунтулуп өлтүрүлгөнүн биз барганда Люберцы шаарынын полициясы айтты", — деп билдирди Эсеналиева.

Москва шаарындагы мигрант кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада иштеп жүрүп, колун аппаратка чайнатып жиберген Салтанат
Маалыматтарда, каза болгон аялга 3-4 күн мурун эле төрт "патриот" эскертүү бергендиги айтылат. Бул туурасында маркум жанында жашаган аялга айтканын Эсеналиева билдирди.

"М.Т. жумушунан чыкканда төрт кыргыз бала ага "нормальный жүр, бирди көрөсүң" деп коркуткандыгын курбу кызына телефон чалып айткан экен. Тилекке каршы, бирөө коркутуп койгонбу ошол курбу кызы айтор, телефонун өчүрүп жок болуп кетти", — деди Эсеналиева.

"Патриоттордун" айыбы жокпу?

ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев М.Т. аттуу аялдын өлгөнүн тастыктаганы менен анын киши колдуу болгон деген маалыматты четке какты.

"Бул аял 2-октябрдан 3үнө караган түнү каза болгон. Ал үйүндө өзү менен чогуу жашаган эркек менен ичип, андан ууланып калган. Мындай тыянакты соттук медициналык экспертиза чыгарып берди. Денесинде зомбулуктун изи жок экени аныкталды. Социалдык тармакка туура эмес маалымат таркап жатат", — деди Алиев.

Анын айтымында, маркумдун денесин Кыргызстанга алып кетүү үчүн бир тууган эжеси келген.

Маалыматтарда 32 жаштагы бул аялдын сөөгү кечээ, 8-октябрда кичи мекенинде, Нарын аймагында жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0