Тоңдо катуу жаан жаап суу Кызыл-Туу айылындагы көпүрөнү алып кетти

© Sputnik / Леся Полякова / Медиабанкка өтүүКол жатыр көтөргөн кыздын архивдик сүрөтү
Кол жатыр көтөргөн кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көпүрө август айында убактылуу каттам үчүн салынган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Терек айылында суунун деңгээли көтөрүлүп көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 14:30да Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айыл аймагында мөндүр аралаш жаандын кесепетинен Кызыл-Туу айлындагы Ак-Терек суусунун деңгээли көтөрүлгөн. 

Анын кесепетинен август айында убактылуу каттамга салынган көпүрөнү агызып кеткен.

Учурда жеринен чара көрүү үчүн ӨКМдин ыкчам тобу, Тоң районунун Жарандык коргонуу кызматы тиешелүү иш-чараларды аткарууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0