Кайгуул милициясы үй-бүлөлүк жаңжалга шашып баратып жаш кызды коюп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кайгуул кызматырын автоунаасы, архивдик сүрөт
Кол кайгуул кызматырын автоунаасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициядан билдиришкендей, машина атайын үн чыгаруучу жабдыкты күйгүзүп алып кетип бараткан.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын башкармалыгынын автоунаасы Тимур Фрунзе менен Фруктовая көчөсүнүн кесилишинен 11 жаштагы кызды коюп кетти. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

"Экипаж Фрунзе көчөсү менен Кривоносов көчөсүн көздөй кетип бараткан. Ал жакта үй-бүлөдө уруш чыкканы боюнча билдирүү келип түшкөн. Фруктовая көчөсү менен кесилишкен жолго кыз капысынан чуркап чыккан. Айдоочу машинаны башка жакка бурам деп жатып арыкка түшүп кеткен. Ага карабастан кызты бир аз жөөлөп кеткен. Анын мээси чайкалып, сол буту сыйрылганын билдиришти", — деп Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Кырсык болгондон кийин Кайгуул милициясынын кызматкерлери Тез жардамды чакырып, жабыркаган тестиерди балдардын №3 шаардык ооруканасын алып кеткен.

Андан соң милиция кызматкерлери мас же мас эместиги боюнча атайын тесттен өтүп, нытайжада милиционерлер соо экени тастыкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0