"Манас" аба майданында баңгизат алып кирүүгө аракет кылган киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортунда текшерүү пункту. Архив
Манас аэропортунда текшерүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө амалдары башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы "Манас" аба майданына баңгизат менен кирүүгө аракет кылган 43 жаштагы жаранды кармаган.

Маалыматка ылайык, ал ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 23-сентябрда колго түшкөн.

"Манас" аэропортунун аймагынан Сокулук районунун 43 жаштагы тургуну кармалды. Аны тинтүү учурунда жанынан 1 килограмм 420 грамм кара куурай табылган. Шектүү жаран аэропорттун аймагына кирүүгө аракет кылган учурда кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0