Бишкектен бала уурдады деп шектелген кыз кармалды

Жазылуу
Бир канча күн мурун 1,5 жаштагы бала уурдалып, ал үчүн акча сурашкан. Ишке милиция аралашкандан кийин гана баланы энесине кайтарып беришкен.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери изи сууй электе алдамчылыкка жана адам уурдоого шектелген кызды кармаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бир нече күн мурун милицияга жаңы конушта жашаган 25 жаштагы аял кайрылып, байтааныш кыз анын бир жарым жаштагы баласын уурдап кеткенин айткан.

"Аял "Дордой" базары жакка бараткан. Маршруткадан ага бейтааныш кыз кайрылып, телефон чалып алууну өтүнгөн. Базарга келгенде телефонун кайтадан сураган. Эч нерседен шек санабаган аял кичине күтүп, баласын чала тааныш кызга карап тур деп базарга кирип кеткен. Бир аздан кийин келип, баласын да телефонун да таппай калган", — деп айтылат маалыматта.

Милиция ал кызга телефон аркылуу байланышканда, баланы уурдап кеткен кыз алардан акча талап кылып, укук коргоо органдарына кайрылууга тыюу салган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ал жолугууга макул болуп, базардын жанындагы кафелердин бирине келүүгө макул болгон.

"Шектүү жаран кармалды. Баланы энесине кайтарышты. Аны уурдаган кыз Талас облусунун 19 жаштагы тургуну экени билинген. Жаш экенине карабастан, ал үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деп ИИМ тараткан билдирүүдө жазылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин адам уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен кыз камакка алынган. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0