ЖМК: Түркияда "Кыргызстандын имамы" деп таанылган Гүлендин жактоочусу кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү ЖМКлар кармалган жаран Гүлендин уюмуна тийиштиги бар экенин четке кагып жатканын маалымдашты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Түркиянын Зонгулдак шаарында Гүлендин агымын жактаган "Кыргызстандын имамы" деп таанылган киши кармалганын Haberler сайты жазып чыкты. 

Атайын операция учурунда тогуз киши кармалган, алардын катарында 43 жаштагы Азиз Ашчы дагы болгон.

Сурак учурунда Ашчы өзүн дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уюмуна тийиштиги бар экенин четке каккан.

Түркиялык дин аалым Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Америкадан Гүленди камакка алууну талап кылды
"Имам" Түркиядагы ишкерлер үчүн атайын экскурсияларды уюштурган.

Аталган басылманын билдиришинче, 43 жашты Азиз Ашчы Кыргызстанда 1997-жылдан бери жашап, Бишкекте чакан бизнеси бар.

Эске салсак, 16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги кагылышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өткөн. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылган. Гүлен төңкөрүш аракетин кескин сындап, ага тиешеси жок экенин айтып келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0