Ноокаттагы жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Жазылуу
Куткаруучулар сайга түшүп кеткен "Daewoo Lanos" унаасынын айдоочусуна биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Оштун Ноокат районунда болгон жол кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Бишкек — Ош кан жолунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып кеткен Toyota Estima - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолунан каза болгон үй-бүлөнүн төрт баласынын экөө аман калды
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-сентябрь күнү саат 07:20да Ноокат районуна караштуу Челекчи айылында "Daewoo Lanos" үлгүсүндөгү унаа менен "Matiz" кагышып кеткен. 

Натыйжада эки унаанын айдоочулары жабыркаган. 

Куткаруучулар сайга түшүп кеткен "Daewoo Lanos" унаасынын айдоочусуна биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0