00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:00
4 мин
Ачык кеп
Шырдак, мода жана кол өнөрчүлүлөр. Бишкекте “Оймо-2026” фестивалы башталды
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Супергерои в палатах детской онкологии - как один подросток собрал вокруг себя целое сообщество добрых людей
16:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
4 мин
Экономикалык панорама
Алтын эмнеге арзандоодо?
17:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
12 мин
Тема дня
Из старых бутылок - брусчатка, из отходов - электричество: директор Бишкекского полигона о мусоре как ресурсе
18:14
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз тилинин кору. Диалектилер. Мамлекеттик тилдин сапатын жогорулатууда кандай кадамдар керек?
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Меняющие мир
Режиссёрская лаборатория в Бишкеке и большой разговор о русском театре за пределами России
20:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Шырдак, мода жана кол өнөрчүлүлөр. Бишкекте “Оймо-2026” фестивалы башталды
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош шаарындагы базарда тормозу кармабай калган Mercedes аялды тебелеп кетти

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Кулап калган жол белгиси. Архив
Кулап калган жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл эки жакка чыга берип, ал эми жакынкы арада той өткөрөм деп камданып, колунда жүктөрү менен жүргөн аял качканга үлгүрбөй калган.
Замир Сыдыков: аялды тебелетип кеткен айдоочу эки айга камакка алынды

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы базардын чыга беришинде автоунаанын айдоочу 52 жаштагы аялды тебелетип алып, ал ооруканага жетпей каза болгон. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

Окуя Оштун борбордук базарынын жашылча-жемиш сатуучу тарабындагы "Тешик-Таш" деп аталган жеринде болгон.

"Кырсык болжол менен саат түшкү 15:00дө болгон. 23 жаштагы айдоочу Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаасы менен өзүнө тиешелүү жүктөрдү алып өйдөлүштөн чыгып бара жатканда тормоздук системасы кармабай, артка кеткен. Анын кесепетинен Ош шаарындагы Жапалак айылынын 52 жаштагы тургунун тебелетип алган", — деп билдирди Сыдыков.

Аял алган жараатынын улам ооруканага жетпей каза болгон. 

Тез жардам автоунаасы кырсык болгон жайда. - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам кырсык болгон жерден өтүп баратып жабыр тарткан аялды дароо алып кетти
ӨКМ аялдын денеси "Куткаруу кызматы" кырсык болгон жерге жеткенге чейин милиция кызматкерлери жана ошол жердеги жарандар тарабынан чыгарылганын айтышты. 

Сыдыковдун айтымында, бул факты боюнча автотехникалык экспертиза дайындалып, кырсыктын себептери аныкталууда.

Ал айдоочу автоунаасы менен өйдөгө чыгып бара жатып, автоунаанын токтотуучу системасы кармабай калгандыктан, жарандарды сактанууга чакырып кыйкырганын айтты.

"Күбөлөр айдоочу артка кетип бара жатканда "качкыла" деп кыйкырганын айтышты. Эл эки жакка чыга берип, ал эми жакынкы арада той өткөрөм деп камданып, колунда жүктөрү менен жүргөн аял качканга үлгүрбөй калгандыгын белгилешти", — деди Сыдыков.

Маалымат катчы бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга эки айга киргизилгенин кошумчалады. Ага Кылмыш Кодексинин 282-беренеси (автотранспортту туура эмес пайдаланып, анын натыйжасында адам өлүмүнө алып келген) менен иш козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0