Кыргыз-казак чек арасынан жасалма паспорт өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арадагы паспорт көзөмөл пункту. Архив
Чек арадагы паспорт көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар УКМКнын аймактык өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстанга жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоо жана чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев Үңкүр-Тоодогу абал боюнча жыйын өткөрдү
Маалыматка ылайык, өзбекстандык 12-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пунктунан кармалган.

Ошондой эле 11-сентябрда чек арачылар Кыргызстандан Казакстанга "Акжол" көзөмөл өткөрүү пунктунан башка бирөөгө таандык паспорт менен өтүүгө аракет кылган 25 жаштагы жаранды кармаган. 

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар УКМКнын аймактык өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0