Баткенде кырсыкка кабылган май ташуучу унаанын 39 тонна бензини күйүп кеткен

© Фото / пресс-служба МЧС КРЛюди возле горящего бензовоза в селе Мин-Булак Баткенской области
Люди возле горящего бензовоза в селе Мин-Булак Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы тууралуу убагында маалымат берилгендиктен эч ким жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана жолунда жол кырсыгына кабылган май ташуучу унаанын 38 тонна 829 литр бензини толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Эске сала кетсек, кечээ, 31-август күнү Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 161-чакырымында МАN үлгусүндөгү май ташуучу унаанын алдыңкы дөңгөлөгү жарылып, бордюрду сүзүп алган.

"Жолдон чыгып кеткен май ташуучуу унаа бордюрду сүзүп, жалын тутанган. Жол кырсыгынан бензин "Р-4" каналына төгүлүп, күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Кырсыктан айдоочу жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0