Баткендин Актатыр айылында мал жайган жигит үч күндөн бери дайынсыз болууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМалчы. Архив
Малчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мал кайтарганы жайлоого үч бир тууган чыккан.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Баткен районунун Актатыр айыл аймагынын 23 жаштагы тургуну мал жайып жүрүп жоголуп кеткенин ӨКМ билдирди. 

Грузия тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Грузияда жоголгон туристтерди куткаруучулар тоодон таап келишти
Маалыматка ылайык, окуя "Геревшин" жайлоосунун Аксуу тилкесинде болгон. Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда үч бир тууган мал жайып жүрүп, аларды караганы үчөө үч тарапка бөлүнүшкөн. Балдардын бирөө кайрылып келген эмес. Эки бир тууган инисин издеп таба албай айылдагы урук-туугандарына билдиришкен. Эртеси туугандары менен бирге издөөдөн да майнап чыкпагандыктан, жергиликтүү бийликке кайрылышкан. 

Аталган жарандын дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнө 28-август күнү түшкөн.

Бүгүнтөн баштап жайлоодо жоголуп кеткен жаранды издөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0