БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Чүйдөгү жол кырсыгынан бир үй-бүлө каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-август күнү саат 11:20да Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында Mitsubishi Lancer унаасы менен Volkswagen Passat B6 машинасы кагышып кеткен.
Анын кесепетинен Mitsubishi Lancer унаасынын айдоочусу Ак-Суу районунун тургуну 30 жаштагы Болот Жумадылов, ичиндеги 33 жаштагы Тычтыкбек Кулов, 37 жаштагы Айзада Исмаилова, 32 жаштагы Нурдин Касымовдор, Volkswagen Passat B6 унаасынын айдоочусу Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Жылдызбек Шүкүров, 36 жаштагы келинчеги Элнура Шүкүрова жана бир айлык эгиздер Аэлин менен Алият Шүкүровдор кырсык болгон жерден набыт болушкан.
Ал эми Жылдызбек кызы Нурайым ооруканага жетпей каза болгон.
Мындан сырктары, Mitsubishi Lancer автоунаанын жүргүнчүсү 6 жаштагы Арсен Бактыбеков Жайыл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген, дарыгерлердин айтуусу боюнча абалы өтө оор.
Учурда аталган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери башталды.
Эскерте кетсек, жол кырсыгынан жана Москва шаарындагы өрттөн каза болгондорго байланыштуу бүгүн, 29-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.