Күбө Кайгуул милициясынын унаасы кырсыкка кабылганын айтты, ИИБ аны четке кагууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул кызматынын автоунаасы. Архив
Кайгуул кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын ШИИБи милиция кызматкеринин унаасы оодарылбаганын, ал жөн гана ремонт болуп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Нарындын Кочкор районунда Кайгуул милициясынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окурман WhatsApp-канал аркылуу билдирди. 

Анын айтымында, окуя Бишкек — Торугарт унаа жолунда болгон. 

"Биз жол кырсыгы болгон жерде болчубуз. Алгач чаң көрдүк, андан соң унаа оодарылып кетти. Кызматкер оор жаракат алган эмес. Бир аз шок болуп калыптыр", — деди күбө. 

Ал окуяны тасмага тартып, видеосун жөнөткөн. 

Анткен менен Нарын ШИИБи милиция кызматкеринин унаасы оодарылбаганын, ал жөн гана "ремонт" болуп жатканын билдирди. 

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0