Кыргыз-казак чек арасынан жасалма паспорт менен аял кармалды

Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган аял УКМКнын аймактагы кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын "Чоң-Капка автожол" өткөрмө бекетинен жасалма паспорт менен 45 жаштагы аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, документтерди текшере келгенде паспорттун коргоо элементтери жок болуп чыккан. Документтин ээси Кыргызстандан Казакстанга жөнөп баратканы белгилүү болгон. Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган аял УКМКнын аймактагы кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0