Баткендеги катуу шамал мектеп менен ФАПтын шиферин учуруп кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүШифер. Архив
Шифер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу шамалдын келтирген жалпы чыгымы 82 миң сомдон ашкан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Баткен шаарында катуу шамал жүрүп, жети турак жайдын жана Агата орто мектебинин шиферлерин учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билидрди.

Маалыматка ылайык, катуу шамал үстүбүздөгү жылдын 15-августунда болгон.

"Катуу шамал жети турак үйдүн 111 шиферин, Агата мектебинин 12 шиферин жана ФАПтын бир нече шиферлерин учуруп кеткен. Жалпы чыгым 82 500 сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0