БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Нөшөрлөгөн жаандан улам Чолон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборун суу каптады. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл обулусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал нөшөрлөгөн жаан жаап, суу шаардын борбордук жолу менен бир катар үйдүн короо-жайын каптап кеткен.
Шаар мэриясы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлчүлүгү абалды көзөмөлдөп жатат.
"Катуу жааган жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, суу Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборун да каптады". — деп айтылат маалыматта.
Табият кырсыганан жабыркагандар жок.