Жасалма кыргыз паспорту менен чек арадан тажик жараны кармалды

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң чет элдик жаран УКМКнын аймактагы кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан жасалма кыргыз паспорту менен тажикстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандан Казакстанга иш издеп жөнөп бараткан. 

Тийиштүү документтер толтурулган соң чет элдик жаран УКМКнын аймактагы кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0