БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө дарак эки унааны басып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Зеленстрой" ишканасынын жетекчиси Токтобек Элгондиев билдирди.
© Фото / Ренат Чикаев Дерево, упавшее на две машины возле здания посольства Турции в Бишкеке
Дерево, упавшее на две машины возле здания посольства Турции в Бишкеке
© Фото / Ренат Чикаев
Окуя 20 мүнөт мурун, Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги Түркия элчилигинин алдында болгон.
"Жаш эле дарак болчу. Эмне үчүн кулап калганын териштирип жатабыз. Окуядан жабыркагандар жок", — деди Элгондиев.
Учурда жер кулаган дарактын бутактарынан тазаланууда.