Бишкекте мотоцикл менен жеңил унаа кагылышты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасынын алдында бараткан мотоциклист. Архив
Тез жардам автоунаасынын алдында бараткан мотоциклист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан мотоциклдын айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 7-авг — Sputnik. Бишкек шаарында мотоцикл менен жеңил унаа кагышканын Бишкек ШИИБден билдиришти.

Дордой базарынын жака белинде Honda HRV унаасы менен Daihatsu YRV машинасы кагылышты - Sputnik Кыргызстан
"Дордой" базарынын жака белинде эки унаа кагышып, жети киши жабыркады
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-август күнү Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Окуядан мотоциклдын айдоочусу жабыркап, тез жардам менен ооруканага жаткырылды.

Бишкек ШИИБден жол кырсыгы түшкү саат эки жарымдар чамасында болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0