Нарындын Долон ашуусунда автобус менен КамАЗ кагышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдогү жүк ташуучу унаа. Архив
Жолдогү жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобустун ичинде 39 жүргүнчү болгон. Оор жаракат алгандар болгон эмес.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Нарын облусундагы "Долон" ашуусунда КамАЗ менен жүргүнчү ташыган автобус кагышканын ӨКМ билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КамАЗ менен кагылышкан унаанын жүргүнчүсү каза болду
Маалыматка ылайык, кырсык 5-августта саат 05:05те Долон ашуусунда Ат-Башы — Бишкек каттамы менен келе жаткан автобус менен КамАЗ кагышкан.

Анын кесепетинен КамАЗдын айдоочусу жаракат алган. Автобустун ичинде 39 жүргүнчү болгон. Оор жаракат алгандар болгон эмес.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып жеңил жаракат алгандарды Кочкор райондук тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0