Кыргызстанда экинчи ирет жер силкинди

© AFP / FREDERICK FLORINЖер титирөө графиги. Архив
Жер титирөө графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер силкинүнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Жумгал районунда жайгашкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бүгүн саат 15:38де очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Боом капчыгайындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боомдун 100гө чукул жеринен сел жүрүшү мүмкүн
Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматына караганда, силкинүү очогу Жумгал районуна караштуу Ак-Кел айылынан чыгышты карай беш чакырым, Сары-Булак айылынан түштүк-батышты карай жети чакырым, ал эми Табылгы айылынан түштүк-батышты карай 10 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ал эми силкинүүнүн күчү Ак-Кел айылында 3 балл, Табылгыда 2 баллга жетти.

Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0