Жети миллион сомдон ашык салык төлөбөй жүргөн мекеме аныкталды

Жазылуу
Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7 миллион 235 миң сом салык төлөбөй качып жүргөн мекеме аныкталганын финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Содекс Трейд" ЖЧКсындагы мындай мыйзам бузуу атайын текшерүү учурунда аныкталган.

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 213-беренеси (салык төлөөдөн качуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0