БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргыз — тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык жердин силкинүүсү саат 14:10до катталган. Анын эпицентри Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта жана Кара-Киндик айылынан түштүк-батышты карай 28 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Зилзала күчү Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>