Алай районунун бир нече айылдарында жер титиреп, күчү 4 баллга жетти

© flickr.com / Nick NguyenСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейсмология институту зилзаланын эпицентри Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жерде жайгашкандыгын билдирди.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагындагы Бор-Дөбө, Нура, Кара-Киндик, Эркечтам жана Сары-Таш айылдарында 3-5 баллдык жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Непалдагы жер титирөөнүн кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сейсмологдор Азия өлкөлөрүндө ири жер титирөө болорун эскертүүдө
Илимдер академиясынын Сейсмология институту зилзала эпицентри Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жердде жайгашкандыгын айтты. 

Бор-Дөбө айылында— 4 балл, Нура, Кара-Киндикте — 3 балл, Эркештам менен Сары-Таш айылдарында 3 балл болгон. 

Эпицентр Бор-Дөбө айылында түштүк-чыгышты көздөй 20 чакырым, ал эми Нура айылынан түштүк батышты көздөй 48, ал эми Ош шаарынан 140 чакырым аралыкта орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0