Битум ташыган автоунаа оодарылып, Бишкек — Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Жазылуу
Кырсык ары-бери каттагандарга — жол кыймылына тоскоолдук жараткан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолу убактылуу жабылганын ӨКМ билдирди.

Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузакта комбайндан чыккан жалын 15 гектардагы арпа-буудайды жалмап кетти
Алдын ала маалымат боюнча бүгүн саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында, Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 380-чакырымындагы Капчыгай участкасында битум ташып бара жаткан автоунаа оодарылып кеткен. Ал ары-бери каттагандарга — жол кыймылына тоскоолдук жараткан. 

Окуя болгон жерге №30 жол тейлөө ишканасынын жана облустук Кайгуул милициясынын кызматкерлери барышып, жол каттамын көзөмөлгө алышыууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0