БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жалал-Абадда ажатканага барам деп унаадан түшкөн 39 жаштагы Жолдошбек Ажыканов бийиктиктен суу жээкке кулап каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек — Ош жолунун 419-чакырымындагы Кара-Көл шаарынын тушунда болгон. 25 жаштагы Заирбек Юнусалиевге таандык Mercedes-Benz Actros фуранын дөңгөлөгү жарылып калган. Жүргүнчү болуп бара жаткан Ажыканов унаа токтоп, дөңгөлөгү алмаштырылып жатканда эшикке чыгып жардан кулап кеткен.
Маркумдун сөөгүн куткаруучулар саат 12.10до суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.