Издөөдө жүргөн жарандар чек арадан кармалды

Жазылуу
Алар чек арадагы өткөрмө пунктун айланып өтүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Издөөдө жүргөн жарандар чек арадан кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, алар 27-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан чек араны айланып өтүүгө аракет кылышкан. Документтерин текшерүү учурунда аталган жарандардын издөөдө жүргөнү аныкталды. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0