БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында таштанды таштоочу жайда адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМ билдирди.
Куткаруучулар сөөктү алып чыгып, соттук-медициналык экспертизага тапшырышкан.
ӨКМдин маалыматы боюнча учурда маркумдун жынысы жана ким экендиги такталып жатат.