Ошто атасын бычактап өлтүрүүгө шектелип анын 39 жаштагы уулу кармалды

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, атасы менен катуу уруша кеткен баласы бычак ала калып, бир нече жолу ичке сайып жиберген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ош шаарында 77 жаштагы атасын бычактап өлтүрүүгө шектелип анын уулу кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБге шаардык "Түштүк" кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Иликтөө учурунда анын көкүрөк тушуна бир нече ирет бычак урулганы аныкталган.

Столдогу бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда 74 жаштагы карыя айыл тургунун бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары маркумдун 39 жаштагы эч жерде иштебеген уулу кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, атасы менен катуу уруша кеткен баласы бычак ала калып, бир нече жолу ичке сайып жиберген. Алган жараатынан карыя ошол эле жерден каза болгон.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0