Аламүдүн районунан кош бойлуу келинди сабап кетишти

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткан аялдын энеси милицияга кайрылып, анын кызын кошунасы сабаганын айткан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Аламүдүн районунан кош бойлуу келинди сабап кетишкенин Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

29-майда арыз менен Таш-Дөбө айылынын тургуну милицияга кайрылып, ушул эле күнү саат 11.00дөр чамасында кошунасы Анаркүл аттуу аял анын кош бойлуу 25 жаштагы кызын сабап салганын билдирген.

Жабыр тарткан келин Чүй облустук оорканасына жеткирилген. Шектүү катары 56 жаштагы жергиликтүү аял кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0