Бишкекте 32 жаштагы жаран 5-класстын кызын зордуктоого шектелип жатат

Жазылуу
Шектүү жаран буга чейин Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылында жашап келген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу аны тааныган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекте 12 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди. 

Шаршемби күнү милицияга бешинчи класстын кызына кол салынгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

"24-май күнү болжол менен саат 11.25 чамасында Набережный көчөсүндө жайгашкан үйгө белгисиз жаран дарбазадан секирип кирип, 12 жашар кызды бычак менен коркутуп, зордуктап кеткен. Ошол күнү үйдө кыздан башка эч ким жок болгон", — деп билдиришти Бишкек ШИИБден. 

Педофилияга күнөөлөнүп кармалган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бычуу жана өлүм жазасы — педофилдер башка мамлекеттерде кандай жазаланат
Кылмыш болгон жерге ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлгөн. Натыйжада үйдүн ичинен канга булганган кыздын көйнөгү, ич кийими, бычак жана кагаз бет аарчылар табылган. 

Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталып, Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда соттук-медициналык жана соттук биологиялык экспертизалар жүрүп жатат. 

Кылмышка шектүү жарандын фотороботу түзүлгөн. 

"Милиция кызматкерлери төмөнкү "Ала-Арча" районун курчоого алышкан. Натыйжада Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну кармалды", — деп Бишкек ШИИБ билдирди. 

Шектүү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу аны тааныган. 

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. 

Кармалган жаран буга чейин Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылында жашап келген. Ал мурда соттолбогонун жана эч жерде иштебей турганын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0