БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Алматы — Бишкек кан жолунун 108-чакырымында катталган жол кырсыктан каза болгон жети кишинин арасында Кыргызстандын Ош облусунун тургуну да болгону маалымдалып жатканын КР ӨКМ билдирди.
Белгилей кетсек, 23-майда таңкы саат 6.00дөр чамасында Алматы — Бишкек кан жолунда Ford Focus менен Honda Elysion үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагылышып, анын кесепетинен жети адам каза болгон. Беш киши кырсык болгон жерде жан берсе, экөө ооруканага бараткан жолдо көз жумган.
Алдын ала алынган маалыматтарда Ford автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун берки тарабына чыгып кетип, маңдайында келе жаткан Honda менен сүзүшкөн.