БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жети-Өгүздө экскурсияга чыккан 5-класстын окуучу кызы сууга агып каза болду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 21-май күнү болгон. Жергиликтүү мектептин 5-классынын окуучулары мугалимдин коштоосу менен тоого эс алууга чыгышкан. Курбулары менен ойноп жаткан 12 жаштагы кыз сууга түшүп кеткен топту аларда буту тайгаланып, сууга жыгылып агып кеткен. Аны жээкке алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөнү менен жеткинчек эсине келбей каза болгон.
Учурда бул иш боюнча сот-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.