ИИМ: Киргшелктогу үч аялдын өлүмүнө шектелип бештен ашык киши кармалды

© AFP / Jose CABEZAS Кол кишендер. Архив
Кол кишендер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Киргшелк кыштагында үч айымдын жансыз денеси табылган. Алар бири-бирине тууган экени айтылып, бир келиндин кош бойлуу экени маалымдалган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Киргшелк кыштагындагы үч аялдын өлүмүнө шектүү катары бештен ашуун жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

24-март күнү милиция кызматкерлери Киргшелк кыштагында үч айымдын жансыз денесин табышкан. Алардын биринин боюнда болгон. 

"Кылмышка шектүүлөр кармалды. Аларды кармоо операциясы түнү менен жүргөн. Башка маалымат айта албайбыз", — деди ИИМ. 

Аталган ишти ИИМ башчысы Мелис Турганбаев жеке көзөмөлгө алган болчу. 

Үч айымдын өлүмүнөн кийин алардын бири менен чогуу жашаган киши "Екатеринасыз жашай албайм…" деген кат жазып, өз өмүрүн кыйган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0