Жалал-Абаддын тургуну 250 миң сомдук нашаа менен кармалды

© пресс-служба ГСКНКара-Суу айылынын тургунунан табылган баңгизат
Кара-Суу айылынын тургунунан табылган баңгизат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Суу айылынын тургунунан 250 миң сомго бааланган баңгизат алынды. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Пакетткеги баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Он күн ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг баңгизат алынды
Маалыматка ылайык, Ош — Бишкек унаа жолунда баңгизатты алып жүрүүгө шектелген 49 жаштагы аял кармалды. Текшерүү учурунда анын жанынан 1 килограмм 372 грамм нашаа табылган. 

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңгизатты жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду. 

Кылмышка шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0