БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Түндө Лев Толстой көчөсүндө тогуз терек кулап калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Зеленстрой" ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиев билдирди.
Анын айтымында, окуя жумага караган түнү Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги аймакта болггон.
"Бир бак ортосунан жарылып кетиптир, калганы тамыры менен жулунган. Түндө "Тазалык" ишканасынын жумушчулары жолду басып калган бактардан тазалады. Теректер куурап же чирибей эле өсүп жаткан. Себеби учурда такталып жатат. Жабырлануучулар болгон жок", — деди Элгондиев.
Эскерте кетсек, 27-март күнү Бишкектин чок ортосунда бак жолго кулап, кетип бараткан унаанын үстүнө түшкөн. Мында айдоочу каза болгон. Бир нече күндөн кийин Эркиндик проспектисинде отургучта отурган жигиттин башына чоң бутак түшүп, ал ооруканага жеткирилген. Өткөн аптада Гоголь менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган унаага бак кулаган.
Кооптуу абалда турган бактарды тактоо тапшырмасынан кийин мэрия Бишкек боюнча авариялык абалдагы 4000 даракты аныктаган.