Жол кырсыгы экс-депутат менен КТРКнын режиссерун чабыштырды

© предоставлено Фатимой УзбековойАк түстүү Lexus үлгүсүдөгү автоунаа катышкан жол кырсыгы.
Ак түстүү Lexus үлгүсүдөгү автоунаа катышкан жол кырсыгы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан улам режиссер кулагы укпай калганын айтты. Ал эми парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты кырсыкка себепкер небереси айдоочулук күбөлүгүн жакында эле алганын жашырган жок.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жол кырсыгынын айынан бир кулагы укпай калганын айткан КТРКнын режиссеру Фатима Узбекова бир нече жылдар бою дарыланып турбаса, кулагы өмүр бою укпай калуу коркунучу бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Узбекованын айтымында, жол кырсыгына себепкер 19 жаштагы кыздын чоң атасы, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарынын депутаты Жанкороз Каниметов "вы еще спасибо скажите, что мы не убежали с места проишествия" деп орусча сүйлөп, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жардам көрсөтүлө элек. 

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
НТС каналынын операторун коюп кеткен кырсык боюнча иш сотко өттү
"11-апрелде саат 13.30да Сүйөркулов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө кайрылып жөнөгөм. Алдыда ак түстүү Lexus үлгүсүндөгү унаа өйдө тарапты көздөй өз сызыгынан чыгып келе жатты. Бир маалда рулду мен жакты көздөй буруп, сүзгөндө унаам 10 метрге чейин сүйрөлүп кетти. Менин артымдан келе жаткан унаа коркконунан жолдун чекесине качып, жээкке барып бордюрга такалып калды. Lexus унаасындагы кыз газды баскан бойдон аны дагы сүзүптүр. Анын кесепетинен, бир жашар бөбөктүн колу, дагы бир аялдын буту менен мойну сынды", — деп билдирди Узбекова.

Кырсык болгон жерге Кайгуул милициясы келген. Бирок инспекторлор жабырлануучу Узбековага "бардыгыңар тирүү калдыңар, үч күнгө чейин арыз жазбай эле тургула. Мындай эле бүтүрөлү" деп көндүргөн. 

"Үч күн өткөндөн кийин эч бир иш бүткөн жок. Анан тергөөчүлөргө ишенбестен арыз жазууга туура келди. Бирок, алар дарыгердин бүтүмү чыкмайын, эч нерсе жасай албайбыз деп ишти иликтөөнү убактылуу токтотушту. Ошентип, ооруканада өз акчама дарыланып жатам. Тергөөчүлөр мени эмес, кырсыкка себепкер адамдарды коргоп жаткандай", — дейт Узбекова. 

Ал билдиргендей, күнөөлүү тарап алгач дарыланууга, моралдык чыгымга жана унааны оңдоого жалпы 4 миң доллар сунушташкан.

"Жолдошум алар менен жолукканда унаа жараксыз болуп калганын айтып, ордуна башка унаа сатып берүүнү жана дарыланууга кеткен акча менен моралдык чыгымды төлөп берүүнү айткан. Андан кийин алар уруп-согулуп, кайра оңдолгон унааны сунушташыптыр. Биз макул болгон жокпуз. Себеби, андай унааны мен кийин кайда сатмак элем. Акырында биздин талаптарга алар макул болбой, ошону менен жок болуп кетишти", — дейт Узбекова.

Муну менен катар Узбекова унаасын маңдай тери менен иштеп 40 жашка жакындаганда алганын айтат. Анын учурдагы базар баасы беш миң доллардан жогору экенин кошумчалады.

"Кырсыктан улам, мээм чайкалды. Сол кулагым укпай калды. Дарыгерлер аны айыктыруу мүмкүн эмес деп жатышат. Ал эми оң кулагым начар угуп жатат, аны бир нече жыл бою ар үч ай аралыгында дарылатып турушум керек экен", — деген Узбекова учурда стресс абалында экенин билдирди. 

Чоң Чүй каналындагы көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
BMW үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кетип, бир киши каза болду
Sputnik Кыргызстан агенттиги кырсыкты иликтөөгө алган тергөөчү Талгат Шаңкаев менен байланышканда ал жетекчиликтин уруксатысыз жооп берүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Бирок, жетекчилигинин уруксатын алуу менен Sputnik агенттигинин журналисти бир нече ирет телефон чалганда ал жооп берген жок.

Мындан улам кырсыкка себепкер кыздын чоң атасы, экс-депутат Жанкороз Каниметов менен байланышканда ал жабырлануучунун жолдошу көп суммадагы акчаны талап кылып жатканын айтты. 

"Кырсык болгону чын. Ал окуя бардыгыбыз үчүн жагымсыз болду. Жабырлануучу Узбекованын жолдошу менен сүйлөшүп унаасын оңдотуп берели десек макул болбоду. Анда ошондой унаа алып берели десек да болбой, башка сумманы талап кылды. Биз дары-дармекке кеткен чыгымдарды көтөрүүгө даярбыз. Качып кете турчу үй-бүлөдөн эмеспиз",— деди экс-депутат Каниметов. 

Жабырлануучунун жолдошу канча сумма талап кылганын Каниметов "айтпай эле коеюн, уят го" деп айтуудан баш тартты. 

"Узбековадан сырткары башка унаанын жүргүнчүлөрү дагы жабыркаган. Алардын унаасын оңдотуп, дары-дармегин төлөп бердик", — деп кошумчалайт Каниметов. 

Ал кырсыктын себепкери болгон 19 жашар небере кызы айдоочулук күбөлүгүн алганына аз эле убакыт болгонун жашырган жок. 

Кырсыктын чоо-жайын, канча чыгым келтирилгенин дагы башка суроолорго так жооп алуу максатында Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы тергөөчү Талгат Шаңкаев менен 18.30га чейин байланышууга аракет жасады. Бирок, ал телефонун алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0