БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулуп, анын ичинен курал-жарак табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба ГУВД города БишкекЖибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулду.
1/2
© Фото / пресс-служба ГУВД города Бишкек
Жибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулду.
© пресс-служба ГУВД города БишкекАнын ичинен курал-жарак табылды.
2/2
© пресс-служба ГУВД города Бишкек
Анын ичинен курал-жарак табылды.
1/2
© Фото / пресс-служба ГУВД города Бишкек
Жибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулду.
2/2
© пресс-служба ГУВД города Бишкек
Анын ичинен курал-жарак табылды.
Алдын ала алынган ыкчам маалыматтар боюнча, 20-апрелде саат 23:00 чамасында шек жараткан унаанын салонунан бир даана 16-калибрдеги ок атуучу кыска кесилген курал, 16-калибрдеги төрт даана гильза, үч колго жасалган бычак, бир таяк, бет кап жана үч даана кол кап табылган.
Унаанын ээси Ново-Павловка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыккан. Айдоочу менен жанындагы 26 жана 21 жаштагы жүргүнчүлөр мурда соттолуп чыккан жарандар экени белгилүү болду.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.