Он жаштагы кызды кармалап, ыплас иштерге барган деп шектелген мугалим кармалды

Жазылуу
Кармалган жаран жашы жете элек кызды класска бекитип алып ыплас иштерге барганы айтылууда.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Радио-техника ийримине барган он жаштагы кызды класска камап алып, дене башын кармалап, ыплас аракеттерге барган деп шектелген 44 жаштагы мугалим кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда педофилдер мыйзам чегинде бычыла турган болду
Ага ылайык, 17-мартта Сокулук районунун 27-жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз кайрылуусунда 2016-жылдын февраль айынын башында Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан "Жаш техниктердин станциясы" аттуу балдар борборуна ийримге барган жашы жете элек кызын мугалим класска бекитип, дене башын кармалап, ыплас аракеттерге барганын айткан.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 44 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды.

Ал мындан башка дагы бир нече кылмышка шектелип, тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0