Кытайда баңги зат менен соттолгон кыргызстандык аял өлүм жазасына тартылды

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСоттун балкасы. Архив
Соттун балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда өлүм жазасына тартылган аялдын сөөгү жакында мекенине алып келинет.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кытайдын Үрүмчү шаарындагы абактардын биринде 4-февралда кыргызстандык Светлана Кулбаеваны өлүм жазасына тартуу боюнча соттун чечими аткарылганын "Дело №" гезити жазып чыкты. 

Мурдараак КРдин Тышкы иштер министрлиги Кытай тарапка таянуу менен Ош шаарынан СZ6034 аба каттамы менен учкан кыргызстандык аял 2010-жылдын 6-ноябрында аэропорттун бажы кызматы тарабынан Үрүмчү шаарында кармалганын билдирген. 

"Кулбаеванын эки баштык жүгүнүн ичинен уксус ангидриди жыттанган маң зат табылган. Анын салмагы 7,2 килограммды түзгөн", — деп айтылат маалыматта. 

Анкарада болгон жардыруу - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Анкарадагы жардыруудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок
Кулбаева боюнча соттун биринчи отуруму 2011-жылдын 30-мартына болгон. Ошол эле жылдын 19-декабрында сот аны өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарган.

2011-жылдын 29-декабрында КРдин Кытайдагы элчилигинин өкүлүнүн жардамы менен Кулбаева апелляциялык арыз жазган. Ага ылайык, соттун кийинки отуруму 2012-жылдын 23-февралында болгон. Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун жогорку элдик соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. 

"Дело №" гезитинин жазганына караганда, 51 жаштагы Светлана Кулбаева соттун чечимине ылайык, инъекция (шприц менен теринин астына суюк дарыны жиберүү) жолу менен өлүм жазасына тартылды. Кыргызстандык аялдын сөөгү дипломатиялык жол менен мекенине жеткирилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0