БИШКЕК, 16-фев. – Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин проректору 100 миң сом пара берди деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин проректору менен башкы эсепчиси 100 миң сом пара берген деген шек менен кармалышты", — деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.
Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.