Жол кырсыгынан улам төрт адам жабыркап, 15 жашар өспүрүм реанимацияга түштү

© Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаа жөө жүрүүчүлөр жолуна айдап, андан кийин Lexus RX-300 унаасы менен кагылышкан.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгы катталып, андан төрт адам жабыркап, 15 жашар өспүрүм оор абалда реанимацияга жаткырылганын ШИИБдин жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тынчтык проспектисинде Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин Lexus RX-300 унаасы менен кагылышкан. Кырсыктын кеспетинен улам төрт адам жаракат алып, 15 жашар өспүрүм реанимацияга жаткырылды. 

Иликтөө иштери жүрүп жатат. Айдоочунун мас, же мас эместиги тууралуу текшерүү үчүн атайын экспертизалык топ иш алып барууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0