БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында түзөтүү колониясына таандык бир гектар жер жеке менчикке өтүп кеткен факты аныкталганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык мэрия, архитектура башкармалыгы, ЖАМК башкармалыгы жана Каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп, мамлекеттин менчигиндеги жер аянттарын жеке менчикке өткөрүү боюнча коррупциялык схема иштеп чыгышкан.
Мындай мыйзамсыз аракеттен улам мамлекетке 6,1 миллион сом зыян келтирилгени анык болду. Бул боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан "Коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.