Чемичке чагып дүң болгон видеонун каарманы бир нече ирет өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган

© Sputnik / Табылды КадырбековПланшеттин экранынан тартылган сүрөт.
Планшеттин экранынан тартылган сүрөт. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга Бишкектин сейил бактарынын биринде семичке чагып белгилүү болгон кыздын бир тууганы чалып, сиңдисин сактап калуусун суранган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Чемичке чагып жатып коомчулукка дүң болгон кыз бир нече ирет өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Чемичке кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чемичке чагып сейил бакты кирдеткен кыз кандайча жек көрүндүгө айланды?
Январдын башында социалдык тармакта чемичке чагып, анын кабыгын жерге таштап жаткан кыз тартылган видео чыккан. Кадр артындагы адамдын туура кылып жатасыңбы деген суроосуна ал "парктарга таштанды ыргытууга болорун, аны мамлекет жыйноосу керектигин" айткан.

Видео коомчулукта популярдуу болуп кеткен. Соцтармактардын көптөгөн пайдалануучулары ролик каарманынын осол жоругун кескин сынга алып, ата-эне тарбиясы тууралуу кеп козгошкон.

"Менин билишимче аймактык милицияга кыздын бир тууганы чалып, аны сактап калууну өтүнгөн. Ал үч ирет өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылып, дары ичкен. Мында кыздын бир тууганы айып пулдун баарын төлөөгө даяр экендиктерин айткан", — деди маектеш.

Андан кийин үйгө милиция кызматкери келип, протокол түзүп кеткен.

Бишкек мэриясы видеонун каарманы аныкталганын тастыктады. 

"Административдик эреже бузуу боюнча протокол түзүлгөн. Иштин материалдары Октябрь районунун административдик комиссиясына берилген, бирок ишти кароо үчүн кыз өзү келиши керек. Азырынча ал ооруканада жатат", — дешти мэриядан.

Кыздын туугандары менен өзү сыяктуу эле байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал арада Бишкектин Улуттук травматология жана ортопедия борборунун токсикология бөлүмү менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан дарыланып жаткандардын арасында видеодогу каарманга окшош кыз жок экенин маалымдалды.

Психолог эмне деп ойлойт?

Sputnik Кыргызстан кырдаалга психолог Леонид Соболевди түшүндүрмө берүүсүн өтүндү. Адистин айтымында, өз жанын кыюуга аракет кылган кыз психотерапевттик дарылоого муктаж экенин белгиледи.

"Биздин коомчулук бүгүн сөз кылганын эртең унутуп коет. Ал эми кыздын жүрөгүндө ал окуя көпкө чейин сакталат. Мындай кырдаалга туш болгон адам өзүн жоготуп, элден четтеп калат. Анткени сен өз каалооңон тыш, жаман жагың менен эл оозуна алынып жатасың. Бул кыздын өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылышы — бул жөн гана каалоо эмес, анык бир аракет — бул күтүүсүз катуу сынга кабылган аламдын реакциясы. Психологиялык консультациялардан тышкары кызга психотерапевттик жардам да зарыл", — дейт Соболев.

Чучукка мурдун чүйрүгөн Майкл Макфит кыргызстандыктардан кечирим сурады
Акыркы убакта соцтармактарда кадимки жай тургундар башкы каарманга айланган видео жана фото материалдар арбын кездешет. Андан соң алар күлкүнүн, сындын, мазактоого туш болушат. 

Өткөн жылдын жай айында бишкектик Адилет Жунусов жол инспекторлору менен тартылган видеонун каарманына айланып, анын натыйжасында 1,5 жылга эркинен ажыратылган.

Былтыркы жылдын аягында интернет пайдалануучулары Нурайым аттуу кыздын жоругун катуу сөз кылышкан. Ал NURAIYM деп жазылган номер бекитилген кымбат унаалардын жанынан сүрөткө түшкөнү менен белгилүү болгон. Кийин ал кыз милицияга өзү келип, кечирим сураган. Укук коргоо органдары кыздын аракетинде мыйзам бузууну аныктаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0