БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн эртең менен жер титирегенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүү таңкы 04.45те болгон. Очогу республиканын түштүк аймагында жайгашкан жер титирөөнүн күчү 12 баллдык шкала менен 4 балл, ал эми магнитудасы 3,9 баллга жеткен.
Жалал-Абад облусундагы Кара-Булак жана Эски Маасы айылдарында силкинүүнүн күчү 3 баллга жетсе, Көк-Таш, Гелеген жана Алма айылдарында 2,5 баллдык титирөө болгон.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Өткөн жылдын аягынан тарта Кыргызстанда байма-бай жер титиреп келет. Акыркы күчү 6,3 баллга жеткен зилзала ноябрь айында Ош облусунда болгон. Андан жүздөгөн үй-бүлө баш паанексиз калган. Жергиликтүү тургундар үчүн 20 жана 40 тонналык контейнерлерди убактылуу мобилдүү турак-жай ыңгайлашып жасалган.