Пакистанда согушкерлер университетке кол салып 15 киши мерт болду

© AFP / HASHAM AHMEDДарыгерлер жардыруудан жаракат алган жаранды ооруканага жеткирип жатат. Архив
Дарыгерлер жардыруудан жаракат алган жаранды ооруканага жеткирип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чабуул учурунда окуу корпустарында 3 миңге чукул студент окуп жаткан. Ал эми университетте өтүп жаткан поэтикалык сынакка 600дөй киши катышып отурган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Чарсадда шаарындагы университеттин аймагына шаршемби күнү эртең менен согушкерлердин тобу кирип келип, кол салган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлайт.

Күбөлөр эки ири жардыруу болгонун айтышууда. Dawn агенттиги Edhi Foundation гуманитардык уюмдун ыктыярчысына таянуу менен кол салуудан 15 киши каза таап, дагы 50гө чукулу жарадар болгонун жар салды.

Эвакуацияланган студенттердин биринин айтымында, согушкерлер 60-70 студентке ок чыгарган, бирок азырынча анын сөзү расмий тастыктала элек.

Индонезиянын борборунда болгон жардыруу. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр
Окуя болгон жерге күч түзүмдөрү менен куткаруучулар келишти. Университеттин кампусундагы адамдардын баары сыртка чыгарылды.

Полиция кол салгандар азырынча төртөө экенин билдирип, алардын саны алтыдан сегизге чейин болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.

Daily Pakistan басылмасы полиция эки кылмышкерди жок кылганын маалымдады. Ал эми Times of India басылмасынын билдирүүсү боюнча учурда төрт согушкер жок болгон.

Университетке кол салууну "Талибан" террористтик кыймылынын "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюмунун согушкерлери моюндашканын Daily Pakistan жазып чыкты.

Университетке кол салуу учурунда окуу жайда 3 миңдей студенттин бар экени айтылууда. Буга чейин университеттин ректору студенттер менен окутуучулардын жабыр тартпаганын билдирген. Айрым маалыматтар боюнча согушкерлердин чабуулу учурунда окуу жайда поэтикалык сынак өтүп, ага 600гө чукул адам катышып жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0