БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Нарын облусунда карышкыр эки кишиге кол салганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 22-декабрь күнү Нарын районундагы Өрүк-Там аймагында болгон. Жырткычты жергиликтүү тургундар атып өлтүрүп, тушун экспертизага жөнөтүштү.
Министрлик жабыркаган адамдардын абалы туруктуу экенин белгиледи.