Россиянын жараны Ысык-Көлдө кар көчкүнүн алдында калып каза болду

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүТоо лыжа базадагы белгилер. Архив
Тоо лыжа базадагы белгилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан көз жумган адам Кыргызстанда иштеген уюлдук компаниянын Россиядан чакырылган топ-менеджери экени маалым болду.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ишемби күнү Каракол шаарынын жанындагы Ак-Суу капчыгайында көчкү жүрүп, кар алдында калган төрт кишини бири каза болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

"Нур телеком" компаниясы топ-менеджер Филипп Еремеевдин каза болгонун тастыктады. Ал ишкананын сатуу боюнча бөлүмүн жетектеп, Новосибирск шаарынан атайын чакырылган адис болчу. 

Бороновдун айтымында, кар көчкү тууралуу ӨКМ дүйшөмбү күнү кабардар болгон. 

"Спортчулар тийиштүү кызматтардын уруксатысыз тоого чыгып, көчкү алдында калышкан. Үчөө бири-бирин куткарууга жетишкен, ал эми төртүнчү адам каза болуп калган", — деди министр.

34 жаштагы Еремеевдин артында эки баласы калды. Компания маркум менен коштошуу зыйнаты Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эртең, 15-декабрь күнү 13.00дөн 15.00гө чейин өтөт. Андан кийин сөөк Новосибирск шаарына жөнөтүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0